• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Коомчулук балдардын коопсуздугуна көңүл буруусу керек – вице-спикер Касымалиева

Коом 0

Бишкек, 15.01.19 /Кабар/. Коомчулук балдардын коопсуздугуна тиешелүү көңүл буруусу керек. Мындай пикирин Жогорку Кенештин вице-спикери Аида Касымалиева "Парламент" радиосунда билдирди.

Балдардын өлүмү күндөн-күнгө өсүп, келечек үчүн чоң коркунуч жаралууда. Буга албетте, системдүү калыптанып калган социалдык көйгөйлөр себеп болууда. Өкмөт менен биргеликте тийиштүү чечимдерди кабыл алуубуз зарыл, – дейт депутат.

Миграция маселеси дагы буга тийиштүү. Кыргыз мигранттарына юридикалык жардамдар тийиштүү деңгээлде көрсөтүлүп, алардын коопсуздугу сакталышы керек, деди Касымалиева.

Бул боюнча комиссия дагы өз ишин алып барууда. Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында бир топ иштер жасалды. Бирок, бир жыл жетиштүү болгон жок. Буйруса дагы да аймактарды өнүктүрүү боюнча алгылыктуу иштер жасалат, - деп кошумчалады вице-спикер.

Ошондой эле эл өкүлү жакында эле Ош облусунда иш сапары менен болуп, шайлоочулардын үнүн угуп келгендигин айтты. Андагы көтөрүлгөн негизги талаптар таза суу, социалдык жөлөк пулдар жана бала бакча маселелерине тиешелүү болду.

Мисалы, Өзгөн районунун "Зергер" айылында көмүр казган компания булактан чыккан сууну булгап, мыйзам бузуулар орун алган. Эми аталган компания менен сүйлөшүлүп, бир айдын ичинде алар калкка, таза сууну түтүкчөлөр аркылуу жеткирип бермей болушту, - деди вице – спикер иш сапарындагы негизги учурларга токтолуп.

"Таза суу адам баласынын ден-соолугуна чоң таасир этет. Акыркы мезгилде боор ооруулары күчодү. Сырттан кирген тамаш-аш продукцияларын дагы көзөмөлгө алуу зарылдыгы бар. Калкттын саламаттыгы баарынан маанилүү. Кыргызстан өзүнүн айыл чарба тармагынан эле экологиялык таза азыктарды өндүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Тилеке каршы каршы көп учурда химиялык кошулмалар колдонулуп, ден соолука зыяны тийүүдө, – дейт Касымалиева.

Пикир

Оставить комментарий