• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

“Коомчулук менен байланыш тажрыйбасына таасир тийгизген факторлор” темасында вебинар өтөт

Коом 0

Бишкек, 25. 07.20. /Кабар/. Бүгүн, 25-июлда саат 17:00дө Онлайн университети платформасынын Илимий изилдөө лабораториясы “Кыргызстанда коомчулук менен байланыш тажрыйбасына таасир берген факторлор” темасында кезектеги вебинарын өткөрөт.

Вебинардын алкагында Кыргызстанда коомчулук менен байланышка тийгизген тажрыйбанын таасирине жана уюмдардын стратегиялык коммуникациялык планын иштеп чыгуусуна анализ жүргүзүлгөн. Сурамжылоого өлкөдөгү мамлекеттик, жеке, коммерциялык эмес жана эл аралык структураларда иштеген 75 респондент катышкан.

Вебинардын спикери графикалык дизайнер, PR адиси Назима Туланова.

Назима Туланова 2018-жылы Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин көркөм өнөр факультетинин графика бөлүмүн аяктап бакалавр даражасын алган. 2020-жылы Борбордук Азия университетинин журналистика жана массалык коммуникация факультетинин магистратурасын аяктаган.

Учурда Кыргыз Эл аралык Универсалдык колледжинде (Кыргыз-Корей Тил жана Маданият институту) компьютердик графика, рекламалык жана PR фотографияларынын техникасы боюнча окутуучу болуп иштейт. Ошону менен бирге Онлайн университеттин дизайнери.

Пикир

Оставить комментарий