• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Коомчулуктагы расмий статистикага болгон ишенимди бекемдөө максатында мыйзам долбоору демилгеленди

Коом 0

Бишкек, 26.11.18. /Кабар/. Бүгүн, 26-ноябрда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «Расмий статистика жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын расмий статистика чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору 1-окууда каралды. Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары Мурадыл Мадеминов, Бактыбек Турусбеков демилгелеген.

Мыйзам долбоорунун концепциясы менен демилгечилердин бири Бактыбек Турусбеков тааныштырды. Анын маалыматына ылайык, мыйзам долбоору улуттук статистика системасынын натыйжалуу иштешин камсыз кылуу, жогорку сапаттуу расмий статистиканы өндүрүү, коомчулуктагы расмий статистикага болгон ишенимди бекемдөө болуп саналат. Мыйзам долбоору менен “мамлекеттик статистика” же “улуттук статистика” терминдеринин ордуна “расмий статистика” терминин колдонуу сунуш кылынат. “Расмий статистика” термини эң алды менен сапат аспектисине басым жасалган, ошондой эле колдонуучулар үчүн берилген маалыматтардын макамы жана сапатын жогорулатууга талап болот.

Сунушталган мыйзам долбоору менен расмий статистикага негиз болуучу төмөнкүдөй принциптери аныкталмакчы:

- кесиптик көз карандысыздык;

- бейтараптуулук жана обьективдүүлүк;

- тактык жана ишенимдүүлүк;

- макулдашуу жана салыштыруу;

- дааналык жана ачык-айкындык;

- статистиканын купуялуулугу жана статистикалык максаттарда гана колдонуу;

- релеванттулук.

Айрым бир маселелер такталып, статистикалык маалыматтар так болушу керек деген тилектер менен мыйзам долбоорун 1-окууда жактыруу чечими кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий