• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Коомдо кыз ала качуу туура эместиги жөнүндө түшүнүк калыптанышы кажет - Өкмөт башчы

Өкмөт 0

Бишкек, 07.06.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 7-июнда, гендердик өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынына катышты. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Өкмөт башчы өз сөзүндө белгилегендей, акыркы жылдары өлкөдө аялдар жана балдар зомбулукка кабылган кайгылуу окуялар болуп жатат.

«Бириккен Улуттук Уюмунун маалыматы боюнча, биздин өлкөдө ар бир төртүнчү аял үй-бүлөлүк зомбулукка кабылат. Улуттук статистикалык комитети кылмыштардын жалпы санынын кыскарышы менен бирге аялдарга карата зордук-зомбулук көрсөтүү боюнча расмий катталган фактылардын өсүүсү байкалып жатканын ырастайт. Акыркы беш жылда никеге мажбурлоо максатында ала качуулардын саны өскөнү белгиленет. 2013-жылы 19 учур катталса, 2017-жылы 31 факт болгон», - деп баса көрсөттү Премьер-министр.

Мухаммедкалый Абылгазиев Жайыл РИИБинин имаратында 19 жаштагы Бурулай Турдалиеванын өлтүрүлүшү баарыбыз үчүн чоң сабак болгонун ырастады.

«Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү улуттук саясатын түп тамырынан карап чыгуу керек. Буга байланыштуу укук коргоо органдарынын жетишсиз иштерин белгилеп кетким келет. Кылмышкерлердин жактоочулары жана туугандары зомбулуктун курмандыктарына психикалык жана физикалык кысым көрсөтүшүүдө. Ички иштер органдарынын өкүлдөрү буга жол берип жаткандыгы терең өкүндүрөт»,- деп белгиледи ал.

Өкмөт башчы кезектеги жолу тараптардын элдешүүсүнө карабастан, аялдарга жана балдарга зомбулук көрсөткөн адамдар номиналдуу эмес, чыныгы абак мөөнөтүн алуулары керектигин өзгөчө белгиледи.

«Укук коргоо органдары, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү кыздарды жана аялдарды никеге мажбурлоо тажрыйбасын жоюуга бардык күч-аракеттерди жумшоого тийиш. Буга байланыштуу калк арасында адам укуктарын сактоонун маанилүүлүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жигердүү жүргүзүү зарыл. Коомдо кыз ала качуу жана аялдарга карата зомбулук көрсөтүү туура эместиги жөнүндө түшүнүк калыптанышы кажет», - деди Премьер-министр.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын аялдарга жана балдарга зомбулук көрсөтүүнүн алдын алуу жана ага каршы күрөшүү ишмердиктери тууралуу маалымат берилди.

Улуттук кеңештин жыйынында мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коммерциялык эмес жана эл аралык уюмдардын, гендердик өнүктүрүү тармакта иштеген өкүлдөр жана көз карандысыз эксперттер катышышты.

Пикир

Оставить комментарий