• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Коомдук ишмер Б.Мурзубраимов: С.Жээнбеков элдик президент болот

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 21.09.17 /Кабар/. “БизСооронбай Жээнбековду шайлашыбыз керек, ал элдик президент болот”, - деп билдирди экс-депутат, коомдук ишмер Бектемир Мурзубраимов Кыргыз Републикасынын Президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбековдун Ош облусунун Өзгөн районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда.

“Эмне себептен биз Сооронбай Жээнбековду шайлашыбыз керек? Анткени ал мыкты адамдын уулу, Шарип ата өз аймагында эӊ акылман жана калыс адам катары таанымал эле. Мындай атадан таалим-тарбия алган уул элин, жерин ойлогон президент болушуна ишенем”, - деди Б.Мурзубраимов.

Анын айтымында, Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик башкаруунун бардык тепкичтерин басып өткөн, 1995-жылы кыргыз парламентинин тарыхындагы эӊ күчтүү чакырылыштагы Жогорку Кеӊештин депутаты болгон. “Парламентте Чыӊгыз Айтматовдой атактуу адамдар менен бирге иштеген Сооронбай Жээнбеков Агрардык комитеттин төрагасы, кийинчерээк вице-спикер болуп шайланган, эӊ негизгиси мамлекетине кызмат кылуу боюнча чоӊ тажрыйба топтогон. Ошондуктан Сооронбай Жээнбеков мамлекет үчүн жоопкерчилик алганга даяр экенине толук ишенем. Ошондой эле анын жеке адамдык сапаттарын, чынчылдыгын, принципиалдуулугун жана мол эмгек тажрыйбасын белгилеп кетишибиз керек. Мен өзгөндүктөрдү Сооронбай Жээнбековду колдоп берүүӊүздү чакырам, анын элдик президент болооруна ишенем!”, – деди Бектемир Мурзубраимов.

  • Даярдоочу: КУМА “Кабар”
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 21.09.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий