• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Коомдук ишмер, журналист Тенис Төлөмүшев 75 жаш курагында дүйнөдөн кайтты

Коом 0

Бишкек, 18.08.21. /Кабар/. Кыргызстанда коомдук ишмер, журналист, санжырачы, аксакалдар сотунун төрагасы жана Кемин районунун ардактуу атуулу Төлөмүшев Тенис Шамыралиевич 75 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Т.Төлөмүшев 1946-жылы Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Кичи-Кемин айылында туулган.

Ал эмгек жолун райондук “Эмгек жарчысы” газетасында кабарчы болуп иштөө менен баштаган. 1975-1990-жылдар аралыгында Кемин районундагы партиялык органдардын жетекчилик кызматтарында иштеген.

Ал өмүрүнүн акыркы жылдарын коомдук тартипти камсыздоо чөйрөсүндө коомдук иштерге арнаган. Кемин районунун жаш муундарын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерин тарбиялоого кошкон активдүү салымы үчүн Кыргыз Республикасынын облустук администрациясынын жана укук коргоо органдарынын бир катар сыйлыктарына ээ болгон.

Ошондой эле, Төлөмүшев “Өмүрү өрнөк инсандар” китебинин автору болуп саналат.

Тенис Шамыралиевичтин кесиптештеринин жана Кичи-Кемин айылынын жашоочуларынын арасында кадыр-баркы жогору болгон.

Төлөмүшев Тенис Шамыралиевичтин жаркын элеси мекендештеринин, досторунун жана жакындарынын элесинде түбөлүккө сакталат.

Пикир

Оставить комментарий