• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Коомдук ишмер, журналист Тургунбек Суванбердиевдин 100 жылдыгы белгиленет

Маданият 0

Бишкек, 01.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 3-сентябрында Кыргыз ССРнин эл агартуусунун отличниги, коомдук ишмер, журналист жана котормочу Тургунбек Суванбердиевдин 100 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара саат 13:00дө Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын кичи залында башталат.

Тургунбек Суванбердиев 1921-жылы Талас облусунун Манас районуна караштуу Таш-Башат айылында туулган.

Ал 1939-жылы Кыргызстан ЛКЖСнын Киров райондук комитетинде пропаганда жана агитация бөлүмүнүн башчысы, 1940–1945-жылдары «Кызыл Кыргызстан» гезитинде адабий кызматкер, бөлүм башчы, жооптуу катчы, жооптуу редактордун орун басары, 1945–1946-жылдары «Ленинчил Жаш» гезитинин редактору болуп иштеген.

1949-жылы КПСС БКнын алдындагы жогорку партиялык мектепти бүтүрүп, 1949-жылы Кыргызстан ЛКЖСнын Фрунзе обкомунун биринчи катчысы, 1950–1951-жылдары «Коммунист» журналынын башкы редакторунун орун басары, 1951–1953-жылдары Кыргызстан КП БКнын сектор башчысы, 1953–1956-жылдары Радиоинформация башкы башкармасынын начальниги, 1956–1958-жылдары Кыргызмамбастын директору, 1958–1963-жылдары «Советтик Кыргызстан» гезитинин редактору, 1963–1966-жылдары Кыргыз ССР Министрлер Советинин басма сөз боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы, 1966–1989-жылдары Кыргызполиграфкомбинатынын директору, 1958–1967-жылдары Кыргыз ССР Журналисттер союзунун төрагасы жана СССР Журналисттер союзунун башкармасынын катчысы болгон. Мындан башка көптөгөн коомдук иштерди аткарган.

1938-жылы “Эртең шайлоо”, “Улуу летчик”, “Биздин эл” деген ырлары басма сөздө жарыяланган.

Ал М.Ауэзовдун «Абай жолу» эпопеясын, Джон Риддин «Дүйнөнү дүңгүрөткөн 10 күн», С.Штеменконун «Генштаб согуш жылдарында» чыгармаларын, В.И.Лениндин, Н.П.Камениндин, С.Габбасовдун, И.Каракуловдун ж.б. чыгармаларын которгон.

Көптөгөн очерктерди, публицистикалык макалаларды, эскерүүлөрдү жазган.

1986-жылы Кыргыз ССР Эл агартуусунун отличниги, 1971-1986-жылы СССР басма сөз отличниги, 1957-жылы СССР Маданият министрлигинин «Эң мыкты иштегендиги үчүн» төш белгисинин ээси болгон. 1962-жылы Эмгек Кызыл Туу, 1946-жылы Ардак Белгиси ордендери жана медалдар менен сыйланган. 1959–1967-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болгон.

Манас районундагы тажрыйба станциясына (мурдагы Кыргызстандын 40 жылдыгы совхозу), Бишкек шаарындагы, Манас районунун Таш-Башат айылындагы көчөгө, Кыргызполиграфкомбинатына Т.Суванбердиевдин ысмы берилген.

Пикир

Оставить комментарий