• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Коомдук ишмерлер Чолпон-Атадагы ат майданын Айтматовдун ысымы менен атоону суранышууда

Маданият 0

Бишкек, 06.06.18. /Кабар/. Коомдук ишмерлер бийликке кайрылып, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесин өткөрүүгө байланыштуу Чолпон-Атадагы ат майданын жазуучунун ысымы менен атоону суранышууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында КР жазуучулар кеңешинин төрагасы Акбар Рыскулов билдирди.

Анын айтуусунда, Айтматовдун урматы менен Кыргызстан тууралуу бүтүндөй планета билет. Анын чыгармалары дүйнөнүн дээрлик 170 тилине которулуп, 60 млн. нускадан ашун тараган.

“Чыгармачыл кеңештер, коомдук уюмдар чындыгында эле Айтматовдун 90 жылдык мааракеси мыкты иш-чаралардан болсо экен деп жатышат. Менимче ат майданга жазуучунун ысымын ыйгарсак туура чечим болот. Анткени, Чолпон-Ата шаарында жазуучу өзүнүн көптөгөн чыгармаларын жазган”,-деп билдирди ал.

Ал кошумчалагандай, бул жылы үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү маалында жазуучунун демилгеси менен түзүлгөн 30-мааракелик интеллектуалдардын “Ысык-Көл форуму” өтөт.

Коомдук ишмер, теле алып баруучу Ассоль Молдокматова өз кезегинде Айтматовдун 90 жылдык мааракеси башка өлкөлөрдө кандай өткөрүлүп жаткандыгына токтолду.

“Жакында Бакуда болдук, анда “Чыңгыз Айтматовдун досторунун жолугушуусу” аталыштагы иш-чара өткөрүлдү. Күн мурун Екатеринбургда чыгармачыл кече өтүп, замандаштар жана жаштар үчүн Чыңгыз Төрөкулович менен бирге түшкөн уникалдуу сүрөт көргөзмөсү коюлду”,-деп билдирди ал.

Молдокматова баса белгилегендей, чет өлкөлөрдө жазуучунун 90 жылдык мааракесин өткөрүүгө абдан чоң маани бурулууда. Мисалга, Өзбекстанда китеп чыгаруу жана Айтматов тууралуу тасма жаратуу үчүн каражат бөлүндү.

Пикир

Оставить комментарий