• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Коомдук саламаттык сактоо системасын жаңылантып өзгөртүү убактысы келди - Үсөнбаев

Ден соолук 0

Бишкек, 14.04.20. /Кабар/. Коомдук саламаттык сактоо системасын жаңылантып өзгөртүү убактысы келип жетти. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, коом алдыга жылыш үчүн дайыма белгилүү багыттарды тандап алыш керек. "Саламаттык сактоо системасы белгилүү стратегиялар менен алдыга жылышы керек. Саламаттык сактоо тармагын өнүктүрө турган программа кабыл алынган. Ал 2020-2030-жылга карата түзүлгөн. Анда 2030-жылга чейин жетиш үчүн көрсөткүчтөр, индикаторлор коюлган. Коомдук саламаттык сактоо системасын жаңылантып өзгөртүү убактысы келип жетти. Коронавируска каршы күрөшүүдөн кийин коомдук саламаттык сактоо системасы кайра каралат", - дейт Үсөнбаев.

14-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 430га жетти. Алардын ичинен 79у медицина кызматкери. Коронавирустан 71 жаран айыкса, каза болгондордун саны 5 адамды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий