• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Коомдук саламаттык сактоо уюмдарында ченемдик каржылоону киргизүү боюнча бир катар документтер бекитилди

Өкмөт 0

Бишкек. 17.05.19 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын коомдук саламаттык сактоо уюмдарында ченемдик каржылоону киргизүү боюнча бир катар документтер бекитилди. Тиешелүү токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Бул чечим коомдук саламаттык сактоо уюмдарында каржылоо механизмдерин жакшыртуу, мамлекеттик финансылык ресурстарды натыйжалуу пайдаланууну камсыздоо максатында кабыл алынган.

Жогоруда аталган токтом менен:

  • Коомдук саламаттык сактоо уюмдарын бюджеттик каржылоонун ченемдерин аныктоо методикасы;
  • коомдук саламаттык сактоо уюмдарынын бюджетин ченемдик каржылоо шартында түзүү жана аткаруу тартиби;
  • Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигиндеги коомдук саламаттык сактоонун ведомстволук уюмдарын 2019-жылга каржылоонун киши башына карата ченеми;
  • Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо уюмдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн кызмат көрсөтүүлөрүн бюджеттик каржылоонун 2019-жылга ченемдери бекитилди.

Ошону менен бирге төмөнкүлөр белгиленди:

- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоодогу ведомстволук уюмдарынын жана аймактык бөлүмдөрүнүн чыгашалары “саламаттык сактоо системасында бирдиктүү берене менен берилген чыгашалар” беренеси боюнча каржылана тургандыгы;

- 2019-2021-жылдар мезгили Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин аймактык бөлүмдөрүнүн бюджеттик камсыздалышын жабуунун бирдиктүү ченемин киргизүүгө чейин өткөөл этап болуп эсептеле тургандыгы;

- ушул токтом менен бекитилген кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоо ченемдери коомдук саламаттык сактоо уюмдарынын каржылоо шарттары өзгөртүлгөндө кайра каралат, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен макулдашуу боюнча бекитилген бюджеттин чегинде эсептелип, Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңеш тарабынан бекитиле тургандыгы.

Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине:

  1. Коомдук саламаттык сактоо уюмдарында киши башына карата ченемдин жана кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоо ченемдеринин негизинде каржылоо механизмин киргизүүгө киришүү;
  2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык карантиндик жана өтө кооптуу инфекциялар борборунун аймактык бөлүмдөрү үчүн 2022-жылдан тартып муктаждыктарын жабуунун бирдиктүү ченемин белгилөө;

- коомдук саламаттык сактоо уюмдарынын учурда иштеп жаткан түзүмдөрүн кайра карап чыгуу;

- жаңы уюштуруу түзүмдөрү боюнча тиешелүү ченемдик базаны бекитүү;

- коомдук саламаттык сактоо уюмдарынын профилактикалык дезинфекция, дезинсекция жана дератизация бөлүмүнүн медициналык кызматкерлерин атайын эсептин каражаттарынын эсебинен кармоого өткөрүү;

- коомдук саламаттык сактоо уюмдары жүргүзгөн иш-чаралар, текшерүүлөр жана изилдөөлөр жөнүндө маалыматтык-статистикалык базаны автоматташтыруу;

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирүү тапшырылды.

Мындан тышкары коомдук саламаттык сактоо уюмдарына киши башына карата ченемдин жана кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоо ченемдеринин негизиндеги каржылоо шартында:

- өндүрүштүк зарылчылыкка жараша өз алдынча штаттык ырааттаманы түзүүгө, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу органдары бекиткен штаттык ченемдерде каралган кызмат орундардын ордуна башка зарыл болгон медициналык, администрациялык-башкаруучу жана чарбалык кызматкерлердин штатын эмгек акы төлөөнүн жалпы фондунун чегинде киргизүүгө;

- киши башына карата ченем жана кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоо ченемдери боюнча эсептелген бюджеттин чегинде медициналык жабдууларды сатып алууга, транспортту кармоого жана коомдук саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин эмгегине дем берүү үчүн чыгымдардын багытталышын өз алдынча аныктоого укук берилди.

Пикир

Оставить комментарий