• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Коомдук транспортто жоголгон буюмдарды атайын уюштурулган кеңседен табууга болот – мэрия

Коом 0

Бишкек, 14.02.22. /Кабар/. Бишкек мэриясынын Жол-транспорт инфраструктурасы департаменти шаардыктар кайрыла ала турган жоголгон жана табылган буюмдар үчүн кеңсе уюштурду. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

"Эгерде сиз коомдук транспортто кандайдыр бир нерсени жоготуп алсаңыз же таап алсаңыз, анда азыр сизге шаар боюнча тигил же бул маршрутту издөөнүн кереги жок, департаментке кайрылып, издөөнү бир топ жеңилдетүү үчүн арыз калтыруу жетиштүү болот", - деп айтылат маалыматта.

Арызда жоготулган, табылган нерсени деталдуу түрдө баяндап, каттамдын номерин, ордун жана убактысын көрсөтүү зарыл.

Кайрылууларды 7-Апрель көчөсү, 4а дареги боюнча же WhatsApp номери: 0502 205 202 боюнча калтырууга болот.

Пикир

Оставить комментарий