• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Коомдук транспортто жол кирени көтөрүү. Бишкек мэриясы шаардыктардын сунуштарын кароодо

Коом 0

Бишкек, 04.05.21. /Кабар/. Бишкек мэриясы коомдук транспортто жол кирени көтөрүү долбоору боюнча шаардыктардын сунуштарын кароодо. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Ченемдик укуктук актылардын ишкердиктин субъекттеринин ишин жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасынын 46-беренесине ылайык, “Аналитикалык жазуу жана ченемдик укуктук актылардын долбоорлору мыйзамдардын талаптарына ылайык өткөрүлүп жаткан коомдук талкуулоо үчүн иштеп чыгуучу органдын расмий сайтына жайгаштырылган.

Талкуу учурунда келип түшкөн сунуштар реестрге киргизилет, ал ошондой эле иштеп чыгуучу органдын расмий сайтында жайгаштырылат.

“Долбоорду талкуулоонун жүрүшүндө биз 100гө жакын сунуштарды алдык, алар сѳзсүз түрдѳ эске алынат”, - деп айтылат маалыматта.

30-апрелде аналитикалык кат жана укуктук ченемдик укуктук актылардын долбоору Экономика жана финансы министрлигине макулдашууга жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий