• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Коомдук транспорттон вирусту жугузуп алуу тобокелдиги абдан чоң - Саламаттык сактоо министрлиги

COVID - 19 0

Бишкек, 13.06.20. /Кабар/. Коомдук транспорттон вирусту жугузуп алуу тобокелдиги абдан чоң. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Үсөнбаев улуу муундагы жарандарга кайрылып, санитардык талаптарды сактоого жана мүмкүн болушунча өзүн-өзү изоляцияга алуусуна чакырды.

"Эгерде көчөгө чыксаңыздар, сөзсүз социалдык аралыкты сактоону, беткап тагынууну жана антисептик колдонууну унутпаңыздар. Базарлардан, соода борборлорунан, коомдук транспорттон вирусту жугузуп алуу тобокелдиги абдан чоң. Урматтуу жарандар, эпидемиологиялык абал начар шарттарда талаптарга кайдыгер мамиле жасабаңыздар", - дейт ал.

Белгилей кетсек, 13-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 2207 учур катталды. Алардын ичинен 429у медицина кызматкери. Илдеттен 1722 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 27 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий