• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте №166 маршрутканын жана №12 автобустун кыймылына өзгөртүүлөр киргизилди

Коом 0

Бишкек, 24.01.22. /Кабар/. Бишкекте №166 маршрутканын жана №12 автобустун кыймылына өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ведомстволор аралык комиссиянын жыйынында Киев көчөсү менен Тыныстанов көчөсүнө жана Чүй проспектисине чейин №166 кичи автобустук каттамдын кыймылын жарым-жартылай өзгөртүү чечими кабыл алынды. Андан кийин каттам ошол эле кыймылдын схемасы боюнча жүрөт.

Ошондой эле Беш-Күңгөй айылына каттаган №12 автобустун кыймылынын схемасы өзгөртүлүп, калган схема өзгөрүүсүз калды.

"Үч маселе комиссиянын кийинки отурумуна жылдырылды", - деп кошумчалашты ведомстводон.

Коомдук транспорт үчүн WhatsApp: 0 (502) 205 202 номерине кайрылууга болот.

Пикир

Оставить комментарий