• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Коомдук транспортко күйүүчү майга кеткен чыгымды субсидиялоону киргизүү керек – министр

Экономика 0

Бишкек, 26.11.21. /Кабар/. Кыргызстан мунай жана мунай заттарын импорттоого көз каранды өлкө. Бул тууралуу КР экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда өлкө күйүүчү майга баанын дүйнөлүк өсүүсүн баштан кечирүүдө.

“Республикада күйүүчү-майлоочу майлар жыл бою кымбаттап жатат, анын өздүк наркы аймактагы эң төмөнкү көрсөткүчтөрдүн бири. Министрлер кабинети мамлекеттик жөнгө салуу механизми аркылуу бааларды кармап турат. Бирок, биз чакан ачык экономикабыз, бааны мындан ары кармап туруу биздин өлкөбүздүн эсебинен соода каналдары аркылуу коңшу өлкөлөргө субсидия бере турган абалга алып келиши мүмкүн. Аймакта баанын теңделишине даяр туруу керек”, - деди экономика министри.

Амангелдиев ушуга байланыштуу калктын социалдык жактан аялуу катмарына жардам көрсөтүүдө берилүүчү жардамдардын даректүүлүгүн жакшыртуу, үнөмдөлгөн каражаттардын эсебинен мамлекеттик колдоонун көлөмүн көбөйтүү зарыл деп эсептейт. “Калкты тейлеген муниципалдык транспортко күйүүчү майга кеткен чыгымдарды субсидиялоо системасын киргизүү зарыл, электромобилдерди, альтернативдик отун менен жүрүүчү транспортту колдонууга жеңилдиктер керек”, - деп белгиледи министр.

Пикир

Оставить комментарий