• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Коомдук унааларда "Тулпар" картасынын жардамы менен жол кире төлөөгө болот

Коом 0

Бишкек, 10.12.19. /Кабар/. Жакынкы күндөрдө шаардын бардык коомдук унааларында "Тулпар" картасынын жардамы менен жол киренин акысын төлөөгө болот. Бул тууралуу "Кабар" маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында "Бишкек шаарынын коомдук унааларын электрондук билеттештирүү" МЖӨ долбоорунун жетекчиси, швейцариялык компаниянын өкүлү Арсен Кондахчан билдирди.

Анан айтуусунда, электрондук билет системасына 330га жакын автобус жана троллейбус кошулган.

"Бүгүнкү күндө электрондук билеттер 3 категорияда даярдалган. Алар пенсионерлер, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн артыкчылыктуу карта, окуучулар үчүн жана стандарттык карта. Картаны жоготуп алган учурда аны бөгөттөгөнгө болот. Картаны "Кыргызпочтасы" почта бөлүмдөрүнөн, уюлдук оператор кеңселеринен жана супермаркеттерден сатып алууга болот", - дейт Кондахчан.

Пикир

Оставить комментарий