• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Коомдук унаалардын биринчи иш күнү: Элди жык-жыйма салган коомдук унаалар байкалган жок – Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 26.05.20. /Кабар/. Кечээ, 25-майдан тарта иши жанданган коомдук унаалардын биринчи иш күнүндө элди жык-жыйма салгандары байкалган жок. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ал, коронавирустун жайылышын алдын алуу үчүн коомдук унаалар менен жүргүнчүлөр белгиленген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди так аткарышы керектигин дагы бир ирет эскертип өттү.

"Бүгүнкү күнү коомдук унаалар иштеп жатат. Өзүңүздөр байкагандай, эрежелер туура сакталып жатат. Себеби, учурда ичи толгон коомдук унаалар байкалган жок. Жүргүнчүлөр беткап тагынып жүрүшөт. Коомдук унааны колдонууда ушундай туура мамиле коронавирустун жайылышын алдын алат. Коронавирустун жайылышын алдын алуу үчүн баарын санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди аткарууга дагы бир ирет чакырам", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий