• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кооперативдер кеңешинин ролу жогорулап, иши жакшырат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 07.03.18 /Кабар/. Бүгүн, 7-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында «Кооперативдер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү туралуу» мыйзам долбоорунун концепциясы каралды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

КР айыл чарба, тамак аш өнөр-жай жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуевдин айтымында, мыйзам долбоору кооператив кеңешинин ыйгарым укуктарын, ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн, кооператив кеңешинин мүчөлөрүн шайлоону жөнгө салуу максатында иштелип чыккан.

“Кооперативдер жөнүндө” мыйзам менен кооперативдин кеңешинин ыйгарым укуктары толугу менен жөнгө салынган эмес. Мыйзам долбоорундагы киргизилип жаткан ченемдер кооперативдин кеңешин түзүүдө анын негизги критерийлери болуп эсептелмекчи. Долбоор аркылуу кооперативдин кеңешинин мүчөсү бир эле учурда башкармалыктын мүчөсү, башкармалыктын төрагасы же текшерүү комиссиясынын мүчөсү болушу мүмкүн эместиги, кооперативдин кеңешинин мүчөлөрү кооперативдин аткаруу органынын атынан иш алып барууга укугу жоктугу белгиленүүдө.

Талкууда реалдуу иштеп жаткан коперативдер мыйзам долбоорунан кабардар экендиги айтылды. Депутат Мирлан Бакиров дыйканчылык менен мал чарбачылыгы боюнча коперативдер сандан сапатка өтүүсү керектигин белгиледи. Кооперативдерди колдоого мезгил жеткендигин айткан депутат Айтмамат Назаров бул максатта жеңилдетилген насыяларды көбөйтүү жана лизинг менен техникаларды берүү зарылдыгын жана кооперативдерге салык мыйзамдарын ыңгайлаштырууга багытталган мыйзам долбоорлору сунушталаарын маалымдады. Мындан сырткары, мыйзам долбоору боюнча кооперативдердин, дыйкандардын дагы пикирлерин эске алуу максатында кеңери талкуу үчүн коомдук же парламенттик угуу өткөрүлөөрүн кошумчалады.

Жыйынтыгында «Кооперативдер жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү туралуу» мыйзам долбоорун 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Пикир

Оставить комментарий