• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

«Кооперативдер жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 10.08.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кооперативдер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 28-июнунда кабыл алынган.

Мыйзам «Кооперативдер жөнүндө» аракеттеги Мыйзамынын кээ бир кенемтелерин толуктоо максатында иштелип чыкты.

Белгилей кетсек, республиканын кооперативдеринин натыйжалуу иштешине кооперативдердин кеңеши өзгөчө мааниге ээ жана аларсыз өлкөнүн кооперативдердин өнүгүүсү төмөнкү деңгээлде болот.

Кооперативдин кеңешинин курамы, мүчөлүгү, ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын «Кооперативдер жөнүндө» Мыйзамы менен жөнгө салынган.

Ошондой болсо да, кооперативдин кеңешинин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү, кооперативдин кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо «Кооперативдер жөнүндө» Мыйзам менен жөнгө салынбагандыгын белгилөө керек.

Ошондой эле, «Кооперативдер жөнүндө» Мыйзам менен кооперативдин кеңешинин мүчөлөрүнүн ишмердиги жөнгө салынган эмес.

Кооперативдин кеңешинин ыйгарым укуктарын, ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн, кооперативдин кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо жана толуктап шайлоону, кооперативдин кеңешинин ыйгарым укуктарын жөнгө салуу максатында Мыйзамдын 20 жана 21-беренелерине толуктоолор киргизилди.

Киргизилип жаткан ченемдер кооперативдин кеңешин түзүүдө жана кооперативдер кеңешинин ишмердигинин натыйжалуулугунун деңгээлин аныктоодо негизги критерийлерден болуп эсептелээрин белгилеп коюу зарыл.

Кабыл алынган Мыйзам кооперативдин кеңешинин ишмердүүлүгүн жакшыртууга, ички карама каршылыктарды жана кооперативдин ишмердигиндеги кызыкчылыктардын конфликтин жоюуга мүмкүнчүлүк түзөт.

Пикир

Оставить комментарий