• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Коопсуз шаар: 12-февралдан 4-мартка чейин эреже бузгандарга айып пул салынбайт

Коом 0

Бишкек, 01.03.19. /Кабар/. 12-февралдан 4-мартка чейин жол эрежесин бузган айдоочулар айыпка тартылбайт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов билдирди.

Анын айтымында, "Коопсуз шаар" долбоору иштегенден бери орнотулган фото- видеокамералар 18 миң 600 жол эрежелерин бузууну катташкан. Бирок "бактылуу каттар" эч кимге жөнөтүлбөйт.

Мындай чечим ИИМ тарабынан "Бузуулар Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" демилгеленген мыйзамдын долбооруна байланыштуу, - деп кошумчалады Саркулов.

"Ушул мыйзам долбоору боюнча 10 күндүн ичинде айып төлөнсө, анда ага 50% көлөмүндөгү арзандатуу каралган. Бирок бул мыйзам долбоору 10 күндөн кийин гана күчүнө кирет. Ошол себептен "бактылуу каттар" 4-март күнүнөн тартып гана жөнөтүлө баштайт", - деди ал.

"Биз мындай чечимди баардык айдоочуларга бирдей шарттарды түзүп берүү максатында кабыл алдык. Анткени азыр ошол каттары жөнөтүп жиберсек алар ошол 50% арзандатуу менен пайдалана албай калмак, бул туура эмес", - дейт Саркулов.

Эске салсак, 12-февралдан тартып "Коопсуз шаар" долбоорунун биринчи фазасы иштей баштады. Анын алкагында Бишкектеги 10 кесилишке камера орнотулуп, 17 стационардык, 20 көчмө программалык аппарат комплекстери коюлду.

Пикир

Оставить комментарий