• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

«Коопсуз шаар»: 12-февралдан тарта 7 жол эрежесин бузуу каттала баштайт (тизме)

Коом 0

Бишкек, 06.02.19. /Кабар/. 2019-жылдын 12-февралынан тарта «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында жол эрежелерин бузуулар жазылып баштайт.

Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктын маалыматы боюнча, орнотулган жабдыктар жети эреже бузууну каттайт.

Учурда камералар тесттик режимде иштеп жатат. Ал эми 12-февралдан тарта толук ишке кирет. Биринчи этаптын алкагында камералар Бишкек шаарынын 10 кесилишине орнотулган.

Камералар төмөнкү эреже бузууларды каттап калат:

1.Жол чыракка (кызыл түскө) бай ийбей өтүп кеткендерди;

2.Жолдун карама-каршы тилкесине чыгууну;

3.Тротуар, газон, веложол, жөө адамдар өтүүчү чийинден жүргөндөрдү;

4.Жол чыракта кызыл күйгөн кезде стоп-линиядан өтүп токтогондорду;

5.Жөө жүргүнчүлөр өтүүчү белгиден (зебра) эреже бузган айдоочуларды;

6.Көрсөтүлгөн ылдамдыктан жогору айдагандарды;

7.Аялдама менен унаа токтотуучу жайлар боюнча эреже бузууларды, башкача айтканда “3,27”, жана “3,28” белгилерин сактабагандарды.

Мурдараак Технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршенбиев эреже бузуулар боюнча 12-февралдан тарта протокол түзүлүп, даректерге жөнөтүлө баштай тургандыгын билдирген болчу.

Эске сала кетсек, долбоорду «Вега» «Радиоуктуруу концерни» россиялык компаниясы ишке ашырат.

Пикир

Оставить комментарий