• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Коопсуз шаар 2” долбоору 2020-жылдын май айында ишке киргизиле баштайт

Коом 0

Бишкек, 20.12.19. /Кабар/. “Коопсуз шаар 2” долбоору 2020-жылдын май айында ишке киргизиле баштайт. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин башчысы Дастан Догоев билдирди.

Анын айтымында, азыркы убакта ИИМ тарабынан камералар коюлуучу тилкелер толугу менен изилденип, текшерүүдөн өттү.

“2020-жылдын январь айында интеграция боюнча алгачкы тесттик жабдык орнотулат. Май айынан тарта республиканын баардык аймагында комплекстерди ишке киргизүү башталат”, - дейт Догоев.

Эскерте кетсек, “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабынын алкагында тендердик комиссия кытайлык Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd компаниясын жеңүүчү деп тапкан. Ал компания эң төмөн бааны - 2 млрд 654,558 млн сом (38 млн долларды) сунуштаган.

Пикир

Оставить комментарий