• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

«Коопсуз шаар - 2»: Ошто камераларды коюу үчүн тирөөчтөр орнотулду

Аймак 0

Бишкек, 03.09.21. /Кабар/. «Акылдуу шаар» долбоорунун «Коопсуз шаар» компонентинин экинчи этабын ишке ашыруу алкагында Ош шаарынын жолдорунун 11 кесилишинде жол кыймылынын эрежелери бузулушун фото-видео фиксациялоо үчүн камераларды коюу боюнча курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Долбоорго ылайык, шаардын 35 негизги кесилиштеринде 600дөн ашык аппараттык-программалык комплекстерди орнотуу пландаштырылган, алар онлайн режиминде жолдордогу жол кыймылынын эрежелерин бузулушун каттайт (видеокамералар адамдарды таануу функциясы менен мыйзамсыз токтоону каттаган, 360 градус айлануучу камералар).

Фото-видео комплекси видео-алитикалык алгоритмдердин эсебинен эреже бузууларды каттап, далил базасы катары сүрөттөрдү жана видео жазууларды архивдештирет.

Жол кыймылынын эрежелеринин бузулушун фото-видео фиксациялоо комплекстери татаал техникалык түзүлүш болуп саналат. Алар АПКнын курамына кирген бир нече видеокамералардан видеомаалыматтарды иштеп чыгат. Камералар тарткан объекттерди жана окуяларды таанып, аларды эсинде сактап жана топтолгон маалыматтарды Мониторинг борборуна жөнөтөт.

Борбордук сервердин ишин жеңилдетүү үчүн маалыматтарды баштапкы иштеп чыгуу үчүн Ош шаарында көмөкчү мониторинг борборун ачуу пландалууда. Башкы Мониторинг борбору Бишкек шаарында жайгашкан, ага аппараттык - программалык комплекстердин маалыматтары келип түшөт. Видеоматериалдар ай сайын жаңыртылып турат.

Жол кыймылынын эрежелерин сактоону көзөмөлдөө автоматтык түрдө айдоочуларды тартипке салып, бош участкалардагы ылдамдык режимин турукташтырат.

Ошондой эле унаа агымындагы катарды сактоону иретке келтирип, жөө адамдар өтүүчү сызыктарда жөө жүргүнчүлөргө артыкчылык берүүгө шарт түзүп, кесилиштерде жол чырактын жүрүүгө уруксат берген белгисинде тыкандыкты жогорулатат.

Бардык ушул факторлор айдоочулардын, жүргүнчүлөрдүн жана жөө жүрүүчүлөрдүн жол-транспорт кырсыктарынан оор жаракат алуусун же анын кесепетинен каза болгондордун санын азайтууга алып келет.

Мындай жол кыймылын уюштурууга болгон комплекстүү мамиле транспорт каражаттарынын агымынын ылдамдыгын шайкеш келтирүүгө мүмкүндүк берет жана жолдордун айрым участокторундагы тыгындардан арылат.

Маалымат үчүн: «Коопсуз шаар» - бул өлкөнүн жолдорунда жол кырсыктарынын санын кыскартуунун натыйжалуу жолдорунун бири жана шаардын интеллектуалдык транспорт системасынын ажырагыс бөлүгү. «Коопсуз шаар» компонентин ишке ашыруу республикалык бюджеттен каржыланбагандыгын белгилейбиз.

Бүгүнкү күндө «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи этабы штаттык режимде иштеп жатат.

«Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи этабы 110 аппараттык-программалык комплекстерди камтыйт. Бишкекте-42, Чүй облусунун автотрассаларында — 48 жана 20 көчмө АПК.

Эске салсак, «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи этабы 110 аппараттык жана программалык тутумду камтыйт. Бишкекте - 42, Чүй облусунун автомобиль жолдорунда - 48 жана 20 көчмө автоматташтырылган программалык комплекстер.

«Коопсуз шаардын» экинчи компоненти республиканын бардык аймактарын, республикалык 2 шаарды жана 15 облустук маанидеги шаарды, 73 калктуу конушту камтыйт. «Коопсуз шаар» компонентинин экинчи этабын 2022-жылдын 10-мартында бүтүрүү пландалууда. Ал 306 чекитти камтыйт - 266 стационардык жана 40 мобилдик.

Пикир

Оставить комментарий