• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

"Коопсуз шаар": 4-марттан бери 4,5 миң эреже бузуу катталган

Коом 0

Бишкек, 11.03.19. /Кабар/. Бишкек жана Чүй облусунун аймагында 4-марттан тарта бүгүнкү күнгө чейин 4 миң 500 жол эрежелерин бузуу катталган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ведомствонун маалыматы боюнча, “бактылуу” каттар “Кыргыз почтасынын” кызматкерлери тарабынан автоунаа ээлерине жеткириле баштады.

Эске сала кетсек, 12-февралдан 4-мартка чейин жол эрежесин бузган айдоочулар айыпка тартылбайт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирген.

Мындай чечим "Бузуулар Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамына киргизилген толуктоолор 4-марттан тарта күчүнө киргендигине байланыштуу. Себеби айдоочу 10 күндүн ичинде айыпты төлөсө, анда ага 50% көлөмүндөгү арзандатуу каралган. Ошол себептен "бактылуу каттар" 4-марттан тартып гана жөнөтүлө баштайт.

Пикир

Оставить комментарий