• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Коопсуз шаар: Айып пул боюнча 3 айдоочунун даттануусу канааттандырылган

Коом 0

Бишкек, 05.07.19. /Кабар/. Соттордо, жол эрежесин бузуулар боюнча айып пул токтомдоруна карата 21 даттануу каралган. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Азамат Исраилов билдирди.

Анын айтымында, соттун чечими менен 18 токтом өз күчүндө калтырылган. Үч адам айыппулдардын туура эмес жазылганын тастыктай алган.

"Биринчи учурда көчө кесилишинде жол кыймылын тескөөчү болуп, айдоочу анын көрсөтмөлөрүн аткарган. Экинчи учурда жол чийини өчүп калган. Үчүнчүсүндө унаада жалган мамлекеттик номер болгон. Ал номердин чыныгы ээси келип, өзүнүн унаасын көрсөткөн. Анын айыппулу алып салынган", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий