• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"Коопсуз шаар": Алгачкы автоунаа ээсине "бактылуу" кат жеткирилди. Видео

Коом 0


Бишкек, 11.03.19. /Кабар/. Кыргызстанда "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында почта кызматкери жол эрежесин бузган айымга алгачкы "бактылуу" катты жеткирген.

Биринчи “катты” алган айдоочу айым сүрөттөгү унаа аныкы экендигин билдирген. Бирок ал туугандарына саткан, алар толугу менен автоунааны өздөрүнө каттата электиктерин кошумчалаган. Кат-кабарды колуна алган айым айыппулду жеринде төлөп берген.

Эске сала кетсек, “Коопсуз шаар” долбоору тесттик режимде ишин баштаган. 4-марттан баштап жол эрежесин бузуулар катталып, “Кыргыз почтасынын” кызматкерлери тарабынан унаанын ээлерине жеткириле баштады.

Пикир

Оставить комментарий