• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Коопсуз шаар”: Автоинспекция айып квитанцияларын ташуучу компанияны бир айдын ичинде тандайт

Коом 0

Бишкек, 28.12.18. /Кабар/. “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында автоинспекция кызматы айып квитанцияларын ташуучу компанияны 2019-жылдын январь айынын аягына чейин тандайт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) төрагасынын орун басары Ыманалы Саркулов “Кабар” агенттигине кабарлады.

Анын айтуусунда тендер бир-эки күндүн ичинде жарыяланат.

“Биз техникалык тапшырманы аягына чыгардык. Эми тендер жарыяланат. Процедурага жараша тендердин жеңүүчүсүн 21 күндүн ичинде аныктоо керек”, - дейт ал.

Саркулов кошумчалагандай, “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында жол коопсуздугун талдаган борбор түзүлөт. Бул жерде эреже бузуу барбы же жокпу деген баа берилет. Андан кийин электрондук форматта айып тууралуу квитанция түзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий