• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

"Коопсуз шаар": Автоунаанын номерин жашырууга аракет кылган айдоочуларга айып пул салынат

Коом 0

Бишкек. 14.02.19 /Кабар/. Автоунаанын мамлекеттик номерин фото - видеокамерадан жашырууга аракет кылган айдоочуларга айып пул салынат. Бул тууралуу мамлекеттик автоинспекция кабарлады.

12-февралдан тарта Бишкекте "Коопсуз шаар" долбоору иштей баштады. Анын алкагында жол эрежесинин бузулушун каттаган камералар борбор калаанын 10 көчөсүнүн кесилишине коюлган. Жакын арада дагы 38 көчөлөрдүн кесилишинде орнотулмакчы.

Коюлган камераларды "алдаш" үчүн айрым айдоочулар унаанын номерлерине ылай чампалап же башка нерселерди сүйкөп койгон учурлар кездешүүдө.

Мындай ыкмага барган айдоочуларга каршы 1000 сом өлчөмүндө айып пул салынат.

Жалпысынан "Коопсуз шаар" долбоору 4 этапка бөлүнгөн. Анын алкагында Бишкектин 38 көчөсүнүн кесилишине камераларды, 4 стационардык аппараттык-программалык комлексти, ошондой эле Чүй облусу боюнча 48 стационардык аппараттык-программалык комлекс жана 20 көчмө аппараттык-программалык комлекс орнотуу каралган.

Пикир

Оставить комментарий