• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

«Коопсуз шаар»: Бишкекте 12-февралдан тарта жол эрежесин бузуулар жазылып баштайт

Коом 0

Бишкек, 17.01.19. /Кабар/. 2019-жылдын 12-февралынан тарта «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында жол эрежелерин бузуулар жазылып баштайт. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршенбиев билдирди.

Анын айтуусунда, 12-февралдан тарта протокол түзүлүп, даректерге жөнөтүлө баштайт.

Шаршенбиев билдиргендей, бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын бир кесилишинде (Абдрахманов/Бөкөнбаев) тесттик режимде жол эрежесин жазып алган камералар иштей баштаган.

«Долбоордун биринчи этабы 4 фазага бөлүнгөн. Биринчи этапта 10 кесилиште жана 17 ылдам сызыкта жабдыктар орнотулат. Биринчи этап боюнча долбоор толугу менен май айынын ортосунда аякташы керек», - деп билдирди ал.

Эске сала кетсек, долбоорду «Вега» «Радиоуктуруу концерни» россиялык компаниясы ишке ашырат.

Пикир

Оставить комментарий