• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

"Коопсуз шаар": Бишкекте дагы тогуз көчөнүн кесилишинде камералар иштей баштайт

Коом 0

Бишкек. 06.05.19 /Кабар/. "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында Бишкек шаарынын дагы тогуз көчөлөрүнүн кесилишинде 7-майдан тарта видеокамералар иштей баштайт. Бул тууралуу Маалыматтык технология жана байланыш мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

Жаңы комплекстер төмөнкү кесилиштерде иштейт:

  • Бөкөнбаев көчөсү – Манас проспекти
  • Чүй – Манас проспекти
  • Чүй проспекти – Павлов көчөсү
  • Жибек Жолу – Манас проспекти
  • Махатма Ганди – Боталиев көчөсү
  • Жибек Жолу – Курманжан датка көчөсү
  • Ахунбаев – Байтик баатыр көчөсү
  • Чүй проспекти – Абдрахманов көчөсү
  • Байтик баатыр – Горький көчөсү


Эске салсак, "Коопсуз шаар" долбоору 2019-жылдын 12-февралдан тартып Бишкек шаарында иштей баштаган. Анын алкагында көчөлөрдүн кесилиштерине камералар орнотулууда. Долбоорду россиялык "Вега" концерни ишке ашырып жатат.

Келишимге ылайык, 12-майга чейин биринчи баскычта камтылган бардык 110 көзөмөл камера-комплекстери орнотулуп бүтмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий