• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

"Коопсуз шаар": Бишкекте жол эреже бузууларын каттаган көчмө комплекс көрсөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 11.02.19. /Кабар/. Бишкекте "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында жол эреже бузууларын каттаган көчмө комплекс көрсөтүлдү.

Биринчи баскычта андай комплекстерден жалпы 20сы ишке киргизилди. Алар Чүй облусунда жана Бишкекте иштешет. Ал көчмө комплекстерди жайгаштыруу ордун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) аныктамакчы. Жабдыктардын өзгөчөлүгү аларды орун котортуп, жол эрежеси көп бузулган жерлерге орнотууга болот.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик агенттигинин төрагасынын орун басары Кубанычбек Шатемиров "Кабар" агенттигине билдиргендей, ал жабдыктар эки жол эрежесин каттайт: ылдамдыкты ченинин ашыруу жана жолдун карама-каршы тилкесине чыгуу.

"Көчмө комплекстер менен тейлөөнү камсыздаган "Вега" радиоконцерни окуткан операторлор иштешет. Алар техникалык жана юридикалык кырдаалдар боюнча окутулган. Андан тышкары ЖКККББнын байкоо борборунан келген маалыматтар менен иштей турган операторлор да окутуудан өттү", - деди ал.

Шатемиров белгилегендей, мамлекет ал жабдыктарды сатып алган жок.

"Биз "Вега" компаниясы сунуштаган кызматтарды сатып алуудабыз", - деп белгиледи ал.

"Вега" компаниясынын өкүлдөрү белгилегендей, жабдыктын жана оператордун коопсуздугу үчүн жабдык күн жарык убакта гана иштейт.

"Ал аппараттын бирөө гана 3 млн. рубль турат. Эгер унаа аны коюп кетсе ал талкаланат. Андан тышкары оператордун өмүрү үчүн да коркунуч бар. Жабдык түнкүсүн да эреже бузууларды жаза алат. Бирок Казакстан менен Россиядагы тажрыйба көрсөткөндөй, адамдар жабдыкты көргөндө чукул токтой башташат. Түнкүсүн же кыш маалында бул абдан кооптуу. Маселен, Россияда түнкү маалда аны орнотпогонго аракет кылышат", - дешти компаниянын өкүлдөрү.

Айдоочулар жол эрежесин бузуулар боюнча маалыматтарды мамлекеттик кызматтардын e-gov.kg порталынан көрө алышат. Ал үчүн сайтта "Жол эрежесин бузуу үчүн айыпты текшерүү" бөлүмүнө кирип, ал жерге унаанын ээсинин паспортунун идентификациялык номерин, автоунаанын каттоо номерин жазуу керек. Жазылган айып пулду чыгарып алууга да болот. Айып пулду электрондук төлөм кызматтары аркылуу да төлөөгө мүмкүн.

Белгилей кетсек, 12-февралдан тарта "Коопсуз шаары" долбоору ишке кирет. Биринчи баскычта "Вега" компаниясы эки түрдөгү 90 камера орноткон. Алардын 52си ылдамдыкты ашыргандарды, калганы жолдогу туташ эки сызыкты кесип өтүү, стоп-сызыгынан жана жол чырактын кызыл түсүнө өтүп кетүүнү каттап турат.

Бишкекте "Вега" компаниясы 42 камера орноткон. Алардын төртөө ылдамдыкты ашырууну, калганы башка эреже бузууларды жаздырып турат.

Ошондой эле Бишкек-Чалдыбар, Бишкек-Балыкчы, Бишкек-"Манас" аэропортунда жана Бишкек-"Ак-Жол" өткөрмө пунктарында 48 камера коюлган. Чоң жолдорго коюлчу камералардын көбү ылдамдыкты ашырган унааларды каттайт.

Эскерте кетсек, россиялык концерн "Коопсуз шаар" долбоору боюнча жолдорго камераларды орнотуу тендерин 2018-жылдын сентябрь айында утуп алган. Сынактык комиссиясы долбоорду аткаруу үчүн эң аз сумма сунуштаган "Веганы" жеңүүчү деп тапкан.

Пикир

Оставить комментарий