• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

«Коопсуз шаар»: Бишкекте жол кырсыктары 52%га, ал эми Чүй облусунда 70%га азайган

Коом 0

Бишкек, 06.07.21. /Кабар/. «Акылдуу шаар» долбоорунун «Коопсуз шаар» компонентинин биринчи фазасын ишке ашыруунун жыйынтыгында Бишкек шаарында жол кырсыктары 5%га, ал эми Чүй облусунда 70%га азайган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, долбоор 2019-жылы иштей баштаган жана учурда Бишкек шаары жана Чүй облусунун аймагында ишке ашырылууда.

Эскерте кетсек, долбоордун негизги максаты жолдордо жол кырсыктарын жана эреже бузууларды азайтуу жана жол эрежесин бузгандарды жоопкерчиликке тартуу болуп саналат.

Бүгүнкү күндө борбордо унаалар көп жүргөн 38 кесилишке видеокөзөмөл жана 4 өтмөк орнотулган. Чүй облусунда 48 жол унаалардын ылдамдык режимин көзөмөлдөгөн камералар менен жабдылган.

«Коопсуз шаар» компонентинин экинчи фазасын кытайлык Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd компаниясы жүзөгө ашырууда. Долбоор 2022-жылдын 10-мартына чейин узартылган.

Белгиленгендей, долбоордун экинчи этабы республиканын бардык облустарын, республикалык маанидеги 2 шаарды жана облустук маанидеги 15 шаарды, 73 калктуу конушту камтыйт.

Пикир

Оставить комментарий