• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

“Коопсуз шаар” боюнча аукцион туура эмес киргизилген суммадан улам үзгүлтүккө учураган – Шатемиров

Коом 0

Бишкек, 30.08.18. /Кабар/. “Коопсуз шаар” долбоору боюнча онлайн аукциондун үзгүлтүккө учурашынын алдын ала себеби катышуучулардын биринин туура эмес сумманы киргизишинен келип чыккан техникалык ката. Бул тууралуу журналисттерге Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Кубаныч Шатемиров билдирди.

Анын айтымында, Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин жана техникалык адистердин алдын ала жыйынтыгы боюнча, аукционду жүргүзүүнү бөгөттөө системасы иштеп кеткен.

“Биринчи бекитилген билдирме жана берилген баа максималдуу босогодон өтүп кеткен, башкача айтканда 2,5 миллиард сом көбүрөөк болду. Буга байланыштуу ал бөгөттөлүп калган. Калган эки компания дагы бөгөттөлгөн, себеби аукционго эң аз дегенде 3 компания катышуусу керек болчу. Бирок алардын бири жабылганына бьайланыштуу эки компания менен аукцион өткөрүү мүмкүн эмес”, - деди ал.

Шатемиров учурда техникалык адистер тарабынан көйгөйлөрдү чечүү боюнча сунуш даярдалганын белгиледи.

“Бизге аукционду өткөрүү учурунда үзгүлтүктөр болбойт деген кепилдик берилген”, - деп кошумчалады ал.

Эске салсак, 23-августта “Коопсуз шаар” долбоору боюнча онлайн аукцион техникалык катачылыктан улам болбой калган. Кийинки аукцион 4-сентябрга белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий