• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Коопсуз шаар” боюнча кайрадан аукцион өткөрүлөт

Коом 0

Бишкек, 24.08.18. /Кабар/. “Коопсуз шаар” боюнча өткөрүлгөн аукцион өткөн жок деп табылды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР Маалымат технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Кубаныч Шатемиров билдирди.

Анын айтымында, система аукциондун шарттарын аткара алган жок, ага байланыштуу аукцион өтпөдү деп жарыялоо чечими кабыл алынды.

Ошентип, кайрадан аукцион өткөрүү чечими кабыл алынды, ал тууралуу жакынкы убакта маалымдалат.

Эске сала кетсек, “Коопсуз шаар” боюнча онлайн-аукцион кечээ өткөн. Бирок техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам жеңүүчү аныкталган эмес.

Пикир

Оставить комментарий