• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

"Коопсуз шаар" боюнча камералардын баасы 30 миң доллар эмес – Шаршенбиев

Коом 0

Бишкек, 17.01.19. /Кабар/. Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршенбиев "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагындагы жол эрежесин каттоочу камералардын баасы 30 миң долларга чейин жетет деген билдирүүнү төгүндөдү.

Ал "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдиргендей, Кыргызстан бүгүнкү күндө жабдыктарды сатып алган жок.

"Биз тейлөөнү сатып алуудабыз. Келишимге ылайык "Вега" Радиоконцерни" өз алдынча камера орнотуп, аны тейлейт. Компания алынган ар бир айып пулдан 211 сом алат", - деди ал.

Шаршенбиев белгилегендей, айып пулдар 10,6 млн. сомго жеткенде жабдыктар Кыргызстанда калат.

"Бул суммага качан жетебиз айта албайбыз. Балким бир же үч жылдан кийин болот", - деди Шаршенбиев.

Пикир

Оставить комментарий