• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Коопсуз шаар” боюнча онлайн-аукциондогу техникалык каталардын себептери белгилүү болду

Коом 0

Бишкек, 24.08.18. /Кабар/. Система “Коопсуз шаар” боюнча аукциондогу механикалык маселени үзгүлтүк деп тапты. Бул тууралуу Финансы министрлигинин Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору Улан Озумбеков “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, аталган аукционго 3 компания катышкан. Анын экөөсү жашыруун бойдон калышты. Кийинчирээк сумма жогорулаганы белгилүү болгон. Адистердин пикиринде, бул механикалык ката болгон.

“Автоматташтырылган система “Мегалайн” компаниясынын билдирмесин өтө жогорулатылган деп тапты. Калган эки компания жашыруун бойдон калды. Система бул учурду үзгүлтүккө учуратууга аракет деп тапты”, - деди Озумбеков.

Пикир

Оставить комментарий