• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

“Коопсуз шаар” боюнча тендердин жеңүүчүсү маалым болду

Коом 0

Бишкек, 04.09.18. /Кабар/. “Коопсуз шаардын” онлайн аукционунун жеңүүчүсү аныкталды. Бүгүн Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин чоң залында “Коопсуз шаар” боюнча онлайн аукцион башталган.

Үч раунддун жыйынтыгы боюнча сынактын жеңүүчүсү жарыяланды. Ал "Вега” концерн ишканасы болуп чыкты. Алар биринчи айлампа боюнча 1 миллиард 125 миллион сом, экинчи айлампа боюнча 1 миллиард 195 миллион сом сунушташты.

Аталган компания менен бирге “Альфа Телеком” жана “Маалыматтык системалардын коопсуздугу” ЖАКтары катышкан.

Эми мамлекеттик сатып алуулар тармагындагы мыйзамдарга ылайык, сынактык комиссиянын чечими аудитордук компанияга берилет.

Аудитордук жыйынтыктын натыйжалары боюнча жеңүүчүлөр менен келишимдер түзүлөт.

Буга чейин айтылгандай, компонентти эки айлампага бөлүү тууралуу чечим жол кыймылынын эрежелерин бузууларды видеого жана сүрөткө тартуу рыногун демонополизайиялоо мүмкүнчүлүгүн сактоо максатында кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий