• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Коопсуз шаар: Үч айда айыппулдарга 100 млн сомдон ашык каражат төлөнгөн

Коом 0

Бишкек, 07.06.19. /Кабар/. "Коопсуз шаар" долбоору иштеп баштагандан тарта үч ай ичинде айыппулдардын 43%ы төлөнүп, ал 100 млн. сомдон ашты. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Башкармалыктан билдиришкендей, 4-марттан 6-июнга чейин жол эрежесин бузуу боюнча 159 миң 35 токтом чыгарылып, алар унаа ээлерине жиберилген.

Алардын ичинен 69 миң 175и – 43,5%ы төлөнүп, ал 100 млн. 94 миң 840 сомду түзгөн.

Жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгы, жол эрежелерин сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий