• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

"Коопсуз шаар": Долбоордун алкагында камералар эреже бузууларды күнү-түнү жазып турат

Коом 0

Бишкек, 17.01.19. /Кабар/. "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында камералар жол эреже бузууларын күнү-түнү жазып турат. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршенбиев "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында билдирди.

Ал белгилегендей караңгы учурда да камералар жол эреже бузууларын каттап турат.

"Негизгиси антирадар колдонулган учурда да ылдамдык режими катталып турат. Мындан тышкары унаалардын номерине чапталган чаптамаларга тийиштүү айтсак, кандай учур болбосун камера эреже бузгандарды каттап, аныктай алат", - деген төрага, Бузуулар жөнүндө жаңы кодексте номерди чаптама менен жашыргандарды айып пул төлөтүү каралганын кошумчалады.

Мындан тышкары Шаршенбиев билдиргендей, камера жол кыймылын тескөөчүлөр иштеген жерде да унаалар кызыл жарыкка өткөн учурларды каттап турат.

"Бул деген автоматташтырылган система да. Ал эреже бузууну баардык учурда каттайт. Бирок мындай жагдайда оператор өз алдынча ал айып пулду өчүрүүгө акысы бар", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий