• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

"Коопсуз шаар": Долбоордун алкагында жол кырсыгы 37,5%га азайды

Коом 0

Бишкек, 11.04.19. /Кабар/. Төртүнчү марттан 11-апрелге чейин "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында 42 миң 881 жол эрежесин бузуу катталган. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында Маалымат технологиялары жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Эшмамбет Аматов билдирди.

Ал белгилегендей, бул жол эреже бузууларды жолдогу стационардык комплекстер каттаган.

Ошондой эле, Аматов кошумчалагандай, долбоордун алкагында жол кырсыктарынын саны 37,5%га азайган. Ал эми жарандардын жаракат алган учурлары 44,4%га кыскарган. Долбоордун биринчи этабында, жалпы 47 аппараттык-программалык комплекс жана 20 көчмө аппарат ишке киргизилген.

Экинчи баскычта, өлкө боюнча 314 аппараттык-программалык комплексти орнотуу каралууда.

"Комплекстер Бишкек, Чүй, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облусунда орнотулат. Андан тышкары, камералар өлкөдөгү стратегиялык жолдордо коюлат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий