• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Коопсуз шаар”: Долбоордун биринчи этапы боюнча жабдуулар келди

Коом 0

Бишкек, 17.12.18. /Кабар/. Кыргызстанга “Коопсуз шаар” долбоорунун биринчи этабын ишке ашыруу боюнча жабдуулар келген. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршенбиев кабарлады.

Анын айтуусунда, буга чейин жабдууларды алып келүү боюнча атайын график түзүлгөн. Ошол графиктин негизинде долбоордун биринчи фазасы боюнча жабдуулар 25-декабрда келиши керек болчу.

“Бирок биз графикти алдын алуу менен аткарып жатабыз. Долбоордун биринчи фазасынын жабдуулары 15-декабрда эле келген. Биринчи фазасы өзүнө 10 кесилиш, 17 ылдамдык чеги жана 10 жылдыруучу комплекстерди камтыйт", - дейт ал.

Шаршенбиев белгилегендей, “Вега” компаниясы тарабынан түзүлгөн ЖЧК уруксат берүүчү тиешелүү документтерди чогултуу менен алек.

“Бир нече көчөлөр боюнча учурда тиешелүү документтер даяр. Азыр темир конструкцияларды түзүү жана орнотуу боюнча иштер жүрүүдө”, - деп түшүндүрдү Мамкомитеттин төрагасы.

Бакыт Шаршенбиев кошумчалагандай, графикке жараша система 2019-жылдын 10-февраль күндөрү иштеп баштайт. Бирок “Коопсуз шаар” долбоору жол эрежесин бузууларды андан эртерээк эле тартып баштайт.

Эске салсак, онлайн аукциондун жыйынтыгында “Вега” компаниясы жеңген. Кол коюлган келишимге жараша, беш жыл бою компания ар бир тартылган айыптан 211 сом алат.

Биринчи этапта “Вега” эки түрдүү 90 камера орнотот. Алардын 52си жол эрежесин бузууларды жазат, калгандары эки жактуу кесилиштерди , стоп-линиядан чыккандарды жана жол чырактын тыюу салынган белгисинен өтүп кеткендерди каттайт.

48 камера Бишкек — Чалдовар, Бишкек — Балыкчы, Бишкек —“Манас” аэропорту жана Бишкек — “Ак-Жол” көзөмөл-өткөрмө жолдоруна орнотулат.

Пикир

Оставить комментарий