• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

«Коопсуз шаар» долбоору боюнча айыппулдар тез жардам унааларын алууга багытталат

Өкмөт 0

Бишкек, 24.07.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздоо фондуна «Коопсуз шаар» долбоору боюнча тез жардам унааларын сатып алуу үчүн атайы аккумуляцияланган 145 млн сом суммасындагы акча каражаттары боюнча ыкчам тартипте тийиштүү документтерди даярдоону тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-февралындагы № 56-токтомуна ылайык, долбоорго тартылган мекемелер арасындагы бөлүштүрүүдөн соң, каражаттын калган бөлүгү республикалык бюджетке түшөөрү каралууда. Аталган токтомдо 50% калдык максаттуу түрдө Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун кызыкчылыгында «медициналык тез жардам унааларын алуу жана аларды тийиштүү медициналык жабдуулар менен камсыздоо үчүн» топтолоору тууралуу талап киргизилген.

Учурда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан тийиштүү даярдык иштери башталды.

Жол кыймылынын эрежелерин бузуулар үчүн айыппулдардан жыйналган каражаттарды ак ниет жана натыйжалуу өздөштүрүү маселесине артыкчылыктуу көңүл бурулат.

Пикир

Оставить комментарий