• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Коопсуз шаар” долбоору боюнча тендер жарыяланды - шарттары кандай?

Коом 0

Бишкек, 25.07.18. /Кабар/. Кыргызстандын Маалымат технологиялары жана байланыш мамлекеттик комитети «Коопсуз шаар» долбоору боюнча тендер жарыялады.

Ведомствонун башчысы Бакыт Шаршенбиевдин «Кабар» агенттигине билдиргенине караганда, Бишкекти керектүү жабдуулар менен камсыз кылып, бузуулардын сүрөтүн тартып мамлекетке сата турган компанияны табуу пландалууда.

“Бир сүрөт үчүн максималдуу баа 240 сомду түзөт. Биз андан азыраак сумманы сунуштаган компанияга артыкчылык беребиз. Сынактын эрежелери боюнча, жалданма компания 38 кесилишти, 58 жогорку ылдамдыктагы сап жана 20 көчмө комплексти жабдууга милдеттүү. Мамлекет сүрөттөргө айып пул катары түшкөн акчадан алып төлөйт.

Алгач долбоор Бишкекте ишке ашат. Техникалык ишке ашуу башталгандан кийин жумуштар өлкөнүн бардык жолдорунда жана шаарларында башталат.

Пикир

Оставить комментарий