• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Коопсуз шаар” долбоорунун 1-этабынын жыйынтыгы боюнча алты айдан кийин маалымат угулат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 19.12.18. /Кабар/. Жогорку Кеӊештин бүгүн, 19-декабрда өтүп жаткан кезектеги жыйынында ушул жылдын 28-ноябрында башталган Өкмөттүн “Коопсуз шаар” долбоору боюнча маалыматы угулду.

Жыйынга вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган өкмөт мүчөлөрү, тийиштүү мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышты.

Депутат Нурбек Тотонов сынактан уткан “Вега” компаниясы биринчи жолу мындай долбоорду ишке ашырганы жатат деген маалыматтар бар экенин айтып, анын тажрыйбасына кызыкты.

КР Маалыматтык технология жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев, бул маалымат туура эместигин, “Вега” компаниясы Орусиянын бир катар шаарларында жол коопсуздугун сактоо боюнча долбоорлорду ишке ашырып келаткандыгын маалымдады. Мындан сырткары, 5 жыл ичинде орнотулган жабдуулар бузулуп калса, өздөрү оңдоп-түзөөрүн кошумчалады.

Ошондой эле, жыйындын жүрүшүндө коюлуучу жабдуулардын баасы боюнча элге кеңири маалымат берүү, долбоорду ишке ашырууну ийгиликтүү баштап кетүү үчүн өзүнчө бир орган же мобилдүү топ түзүү сунуштары айтылды. Ошону менен катар “Коопсуз шаар” долбоору ишке ашпай калса кайсы бир орган жоопкерчилик тартышы керектиги белгиленди.

Депутат Наталья Никитенко бул долбоор 6 жылдан бери ишке ашпай келе жаткандыгын айтып, тармактык комитеттин бул долбоор боюнча КР Өкмөтүнүн ишин канааттандырарлык эмес деген чечими негизделип чыгарылгандыгын айтты.

Андан тышкары ЖКтиндепутаттары бул Өкмөттүн келиши менен “Коопсуз шаар” долбоору ордунан жылгандыгын айтып, КР Өкмөтүнүн бул багыттагы ишин эске алуу боюнча баа берүү зарыл деген пикирлерин билдиришти.

Жыйынтыгында КР Өкмөтүнүн “Коопсуз шаар” долбоору боюнча маалыматын эске алуу боюнча Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды. Ошондой эле токтомго “Коопсуз шаар” долбоорунун 1-этабынын жыйынтыгы боюнча алты айдан кийин маалымат угуу белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий