• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

«Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабын Shenzhen Sunwin компаниясы ишке ашырат

Коом 0

Бишкек, 16.09.19. /Кабар/. «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабы боюнча тендерди кытайлык «Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd» компаниясы жеңип чыкты. Бул тууралуу Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 8-майында аталган комитет тарабынан атайын жабдыктарды сатып алуу боюнча тендер жарыяланган (экинчи этап).

Сынакка катышкан катышуучулар төмөнкүдөй суммаларды сунуш кылышкан.

- «Вега» – 4 млрд 802 млн 338 миң 446 сом;

- «Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd» – 2 млрд 654 млн 558 миң 940 сом;

- БИС – 5 млрд 67 млн 794 миң 340 сом.

Мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзамга ылайык тендердик комиссия Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd компаниясын жеңүүчү деп тапкан.

Пикир

Оставить комментарий