• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи фазасы жарым-жартылай ишке кирди – тизме

Коом 0

Бишкек. 15.04.19 /Кабар/. "Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи фазасы жарым-жартылай ишке кирди. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, 15-апрелден тарта республика боюнча 16 аппараттык комплекс иштеп баштабы, алардын ичинен эки камера Ибраимов жана Шабдан Баатыр көчөлөрүндө орнотулду, дагы 14 камера – Чүй облусундагы жолдордо иштеп жатат.

Тизме:

  • Бишкек – Ош 154,3 км;
  • Бишкек – Ош 160 км;
  • Бишкек – Чалдовар 61,6 км, Кара-Балта шаары;
  • Бишкек – Чалдовар 66 км, Алексеевка айылы;
  • Бишкек – Чалдовар 67,3, Вознесеновка айылы;
  • Бишкек – Чалдовар 74 км, Панфиловка айылы;
  • Бишкек – Чалдовар 78,2 км, Панфиловка айылы;
  • Бишкек – Торугарт 17,700 км, Киргшелк айылы;
  • Бишкек – Торугарт 18,800 км, Люксембург айылы;
  • Бишкек – Торугарт 20 км, Люксембург айылы;
  • Бишкек – Торугарт 25 км, Кант шаары;
  • Бишкек – Торугарт 31,7 км, Красная-речка айылы;
  • Бишкек – Торугарт 39,8 км, Ивановка айылы;
  • Бишкек – Торугарт 47 км, Дружба айылы.

Мындан тышкары, мамлекеттик органдардан тийиштүү сертификаттарды алган соң, Бишкектин бир катар көчөлөрүндө орнотулган камералар иштеп баштайт.

  • Бөкөнбаев – Манас
  • Чүй – Манас
  • Чүй – Павлов
  • Жибек Жолу – Манас
  • Махатма Ганди – Боталиев
  • Жибек Жолу – Курманджан Датка
  • Ахунбаев – Байтик Баатыр
  • Чүй – Абдрахманов
  • Байтик Баатыр – Горький

Эске салсак, "Коопсуз шаар" долбоору 2019-жылдын 12-февралдан тартып Бишкек шаарында иштей баштаган. Анын алкагында көчөлөрдүн кесилиштерине камералар орнотулууда. Долбоорду россиялык "Вега" концерни ишке ашырып жатат.

Келишимге ылайык, 12-майга чейин биринчи баскычта камтылган бардык 110 көзөмөл камера-комплекстери орнотулуп бүтмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий