• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Коопсуз шаар: Камералар каттаган 43 миң жол эреже бузуулардын 27си жокко чыгарылды

Коом 0

Бишкек, 11.04.19. /Кабар/. "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында камералар каттаган 42 миң 881 жол эреже бузуулардын ичинен 27 токтом жокко чыгарылды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында Маалымат технологиялары жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Эшмамбет Аматов билдирди.

Ал белгилегендей, жарандар аныкталган жол эреже бузуулары боюнча макул эместигин билдирип, мониторинг борборуна арыз менен кайрыла алат. Ал жерде факттарды текшерүү бөлүмү иштейт.

"Түзүлгөн комиссия аркылуу текшерүү жүрөт. Талаштуу учурлар айдоочулардын пайдасына чечилет", - деди ал.

Ошондой эле ал, аппараттык комплекстер кирдеп же чаңдап калып жаткандыктан жол эрежесин так эмес аныктаган учурлар чыгып жатканын айтып өттү. Ал кошумчалагандай, "Вега" компаниясы бул маселени чечүүдө.

Андан тышкары, ал белгилегендей, оператор токтом чыгарууда факттарды камера менен дагы бир ирет текшерип чыгат.

Пикир

Оставить комментарий