• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Коопсуз шаар: Камералар орнотулган жерде адам өлүмү менен коштолгон кырсык катталган эмес

Коом 0

Бишкек, 05.07.19. /Кабар/. "Коопсуз шаардын" камералары орнотулган жерлерде адам өлүмү менен коштолгон бир да кырсык катталган эмес. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жетекчиси, милициянын полковниги Азамат Исраилов билдирди.

Анын айтуусунда, Бишкек жана Чүй облусунун аймагында "Коопсуз шаардын" камералары ише киргенден тарта ар кандай кырсыктар 72% азайган, жол кырсыктары 3%, жолдо каза болгондордун саны дээрлик 39% чейин төмөндөгөн.

"Камералар жолдогу кырсыктардын коопсуздугун камсыз кылып, айдоочулардын жолдо жүрүү этикасын жогорулатууда. Бүгүнкү күндө жол эрежелерин бузуулар боюнча 261404 токтом чыккан, 40% ашыгы учурда төлөштү, республиканын бюджетине 147 млн. сомдон ашуун каражат түштү", - деп билдирди Исраилов.

Долбоордун экинчи этабында аппараттык-программалык 306 түйүн төмөнкү жолдорго орнотулат:

- Бишкек-Балыкчы-Чолпон-Ата-Каракол;

- Бишкек-Нарын-Торугарт,

- Кара-Балта-Жалал-Абад,

- Жалал-Абад-Өзгөн-Ош,

- Ош-Сары-Таш-Иркештам жана Ош шаары.

Пикир

Оставить комментарий