• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Коопсуз шаар: Камералар жаздырып алган жол эреже бузууларды өчүрүүгө мүмкүн эмес

Коом 0

Бишкек, 05.07.19. /Кабар/. Камералар жаздырып алган жол эреже бузууларды өчүрүүгө мүмкүн эмес. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов билдирди.

Анын айтымында, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери акы алып "Коопсуз шаардын" камералары каттаган жол эреже бузууларды өчүрүп беришет деген сөз калп.

"Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын бир да кызматкери камералар каттаган маалыматтарга өзгөртүү киргизе албайт. Катталган маалыматтарды мониторингдин кызматкерлери гана иштетет", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий