• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Коопсуз шаар" тоскоолдуктарга карабастан, аягына чейин ишке ашырылат – премьер-министр

Коом 0

Бишкек, 12.04.19. /Салтанат Абдраева - Кабар/. “Коопсуз шаар” долбоору эч кандай тоскоолдуктарга карабастан, аягына чейин ишке ашырылат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеӊештин көпчүлүк коалициясынын жыйынында өкмөттүн 2018-жылдагы ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалымат угулуп жатканда билдирди.

“Долбоорду ишке киргизгенден кийин жол кырсыктарынан жабыркагандардын саны 44,4%га кыскарды, жолдо жүрүү эрежелерин бузгандар 37,5%га кыскарды”, - деди ал.

Эске салсак, "Коопсуз шаар" долбоору 12-февралдан тартып Бишкекте иштей баштаган. Анын алкагында көчөлөрдүн кесилиштерине камералар орнотулууда. Долбоорду россиялык "Вега" концерни ишке ашырууда.

Пикир

Оставить комментарий